USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Айбек Жунушалиев Бишкектин мэри болууга талапкерлигин койду

18:32, 17 августа 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы ордо калаабыздын мэрине талапкерлердин документтерин кабыл алды. Бул тууралуу Боршаком билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн тийешелүү документтерин Айбек Жунушалиев тапшырды. Анын талапкерлигин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы жактырды.

Мэрди шайлоо 26-августта өтөт.

Буга чейин Айбек Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген. Өткөн аптада аны мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындашты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика