23:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Алмаз Мамбетовдун талапкерлиги Ош шаарынын мэрлигине көрсөтүлдү

Ош шаардык кеңеши калаа башчылыкка Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Боршайком Мамбетовдон башка эч кимден арыз түшпөгөнүн билдирди.

Алмаз Мамбетов ушул айдын башында Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бул кызматка президент Садыр Жапаровдун сунушу менен барганын айткан.

45 жаштагы Алмаз Мамбетов2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп, октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 26-августта өтөт.

Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев, Токмок шаарынын мэрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев көпчүлүк коалиция тарабынан талапкер болуп көрсөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар