12:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Путин президенттик шайлоого талапкерлигин коерун ноябрда жарыялашы ыктымал

Владимир Путин 2024-жылы мартта өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коерун ноябрдын башында жарыялашы мүмкүн. Бул тууралуу «Коммерсантъ» жана РБК басылмалары президенттик администрациядагы өз булактарына шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка караганда, Путинди бешинчи президенттик мөөнөткө алып бара турган бул шайлоо өнөктүгү Орусия «өзүнчө цивилизация» жана «салттуу баалуулуктар» деген ураандар менен өтүшү мүмкүн. Учурда аймактарда Путиндин шайлоодогу ишенимдүү адамдарынын тиземелери даярдалып жатканы кабарланууда.

4-ноябрда Москвадагы ВДНХда «Орусия» аттуу көргөзмө ачылат. Анда Орусиянын бардык аймактарынын, ошондой эле Украинанын оккупацияланган бөлүктөрүнүн «жетишкендиктери» көрсөтүлөт деп күтүлүүдө. «Коммерсантъ» басылмасы жазгандай, Путин президенттик шайлоодо талапкерлигин коерун дал ушул иш-чарада жарыялашы мүмкүн. Ошол эле маалда булактар азырынча бул боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин белгилешкен.

Буга чейин Путин кийинки мөөнөткө барар-барбасы тууралуу пландарын шайлоо расмий жарыялангандан кийин айта турганын билдирген. Орусияда президенттик шайлоо тууралуу декабрдын ортосунда расмий жарыяланат деп күтүлүүдө.

РБК басылмасы аймактардагы бийлик органдары Кремлдин талабы менен Путиндин ишенимдүү адамдарынын болжолдуу тизмесин түзө баштаганын жазды. Маалыматтарга караганда, ишенимдүү адамдар элге таанымал болуп, Украинага каршы согушту колдошу керек болот.

Орусиянын Конституциясына 2020-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөнү 2000-жылдан бери башкарып келаткан Путин дагы эки жолу алты жылдык президенттик мөөнөткө талапкерлигин кое алат.

Эң көп окулган жаңылыктар