12:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажик лидери Борбор Азияда суу тартыштыгы башталганын айтты

Жаан-чачындын аздыгынан улам Борбор Азияда суу тартыш болууда. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Душанбеде өтүп жаткан «Суу 2018-2028-жылдардагы туруктуу өнүгүү үчүн» деген эл аралык иш-аракеттердин он жылдыгына арналган конференция маалында билдирди.

«Сезондук жаан-чачындын аздыгынан улам аймактагы өлкөлөрдө эмитен эле суу тартыш болуп жатат. Дарыялардагы суунун агымы жылдык орточо көрсөткүчтөн төмөн жана божомолдор сугат мезгилинде дарыялардагы суу талап кылынган норманын 60-70% гана түзөрүн көргөзүүдө», — деди тажик лидери.

Анын айтымында, мындай кырдаал Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара тыгыз кызматташтыгын жана координациясын талап кылат.

​"Акыркы жылдары аймактагы саясий, экономикалык, социалдык жана гуманитардык тармактардагы өзгөрүүлөр өнүгүүнүн жакшы динамикасын көрсөтүүдө. Суу ресурстары бирдей жайылбаган Борбор Азия аймагы бул багыттагы конструктивдүү кызматташтыктын мыкты үлгүсүн көрсөтүүдө«, — деди Рахмон.

Президент ошондой эле климаттык өзгөрүүлөрдүн Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Тажикстандагы жаратылышка жана социалдык-экономикалык абалга тийгизип жаткан таасирине дагы токтолду.

«Байкоолорго ылайык, акыркы 60 жылдын ичинде Тажикстанда абанын жылдык орточо температурасы бир градуска жогорулап, гидрометеорологиялык кубулуштардын жыштыгы менен интенсивдүүлүгү жогорулады. Мындай факторлордун таасири астында Тажикстанда суу ташкыны, сел, жер жана кар көчкү өңдүү жаратылыш кырсыктары өлкөнүн калкына жана экономикасына олутуу зыяндарды келтирүүдө. Ошондой эле акыркы жылдары биз дээрлик 1000ге жакын кичи жана орто мөңгүлөрдү жоготтук», — деди Рахмон.

Эң көп окулган жаңылыктар