13:04
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 000 сомдон акча берилет

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 000 сомдон акча берилет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына, ошондой эле Улуу Жеңишке баа жеткис салым кошкон жарандарга терең сый-урмат көрсөтүп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 000 сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөгө президенттин резервдик фондунан жети миллион токсон бир миң сом бөлүндү.

Бир жолку акчалай жөлөкпул Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төмөнкү категорияларына бөлүндү:

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жетелек туткундары болгон адамдарга;

1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйланган адамдарга.

Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 20-апрелине карата Улуу Ата Мекендик согуштун 350 ардагери жашайт, анын ичинен:

89 — Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;

220 — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;

17 — Экинчи Дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жете элек туткундары болгон адамдар;

24 — 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып, 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Курчоодогу Ленинграддын тургуну» белгиси менен сыйланган адамдар.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби