08:37
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 356 ардагери жашайт

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 356 ардагери жашайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-апрелге карата өлкөдө согуштун 91 майыбы, 224 согуштун катышуучусу, 17 концлагердин туткундары, 24 Ленинград блокадниктери бар. Республикада 2 миң 164 оорукта эмгектенгендер жашайт. Ошондой эле 2 миң 579 жесир (ардаагерлердин жесирлери) аял бар.

2010-жылдан бери ардагерлер ай сайын акчалай компенсация алып турушат. Майыптар, согуштун катышуучулары, концлагерлердин туткундары 7 миң сомдон алышат.

 
Эң көп окулган жаңылыктар