03:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жаңы 120 автобустун кайсы каттамдарга чыгары белгилүү болду

Бишкек мэриясы жаңы 120 автобустун каттамдарын аныктады.

Жаңы автобустар иштеп жаткан маршруттук линиялар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

№ 35 автобустук каттам (Батыш автобекети — Темир жол бекети — Чыгыш автобекети) узундугу 18.2 км, аралыгы 7мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча № 113 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.

№ 48 автобустук каттам (Батыш автобекети — Чыгыш автобекети (айланма) узундугу-18 км, аралыгы-7 мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 14 автобусту түзөт. Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу боюнча № 214 каттамдагы 42 кичиавтобусту алмаштырат.

№ 38 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р. — 110 квартал) узундугу 37.4 км, интервалы — 7 мин. шаардын батыш жана чыгыш бөлүгүн камтыйт, 19 автобус бөлүнгөн.

№ 42 автобустук каттам (12 к/р. — Ала-Тоо ж/к) узундугу-49,6 км, аралыгы — 7 мин. шаардын түштүк жана батыш бөлүктөрүн камтыйт, күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт, 19 автобус бөлүнгөн.

№ 7 автобустук каттам (Аламүдүн-1 к/р — Дача Достук) узундугу 40,7 км, аралыгы 7 мин. шаардын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн камтыйт, пландык чыгуусу 20 автобусту түзөт. (Ютонг 6108)

Транспорт департаменти тарабынан ошондой эле автобус каттамдарынын жаңы кыймыл чиймелери иштелип чыккан: № 31,49,50,19:
№ 31 автобус (Ынтымак ж/к — айланма) узундугу 34 км, аралыгы 7мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 24 автобусту түзөт. Көрсөтүлгөн автобустук каттам № 101 кичиавтобустук каттамдагы 72 кичиавтобусту алмаштыра алат.

№ 49 автобус (Арча — Бешик ж/к — айланма) узундугу 24,2 км, аралыгы 7 мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 11 автобусту түзөт. 33 кичиавтобусту алмаштырат.

№ 50 автобус (Рухий — Мурас ж/к- Жилгородок) узундугу 44 км, аралыгы 7 мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 19 автобусту түзөт. 66 кичиавтобусту алмаштырат.

№ 19 автобус (Ак-Ордо ж/к — Кустанай көч.) узундугу 34 км, аралыгы 7 мин. күнүмдүк пландык чыгуусу 17 автобусту түзөт (Ютонг 6108). 51 кичиавтобусту алмаштырат.

Эң көп окулган жаңылыктар