04:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Айрым автобустук каттамбар башка ташуучу ишканага пайдаланууга берилди

Унаа жана жол инфратүзүмду өнүктүрүү департаменти «Шыдыр жол КЖ» ЖЧКсы менен түзүлгөн № 35 жана № 41 автобустук каттамдарын пайдалануу боюнча келишимди жокко чыгарды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүргүнчү ташуучу ишкана тарабынан системалуу түрдө келишимдик милдеттенмелер так аткарылбагандыктан, келишим бир тараптуу жокко чыгарылды.

Эске салсак, ишкана жумуштагы кемчиликтерди, тактап айтканда, кыймылдуу курамдын пландуу чыгуусун сактоо боюнча көптөгөн мыйзам бузууларды жоюу милдеттерин жана талаптарын аткарган эмес.

Шаардыктар линияда № 35 жана № 41 кичи автобустук каттамдардагы автобустардын жоктугуна бир нече жолу арызданышкан. Аталган ишкананын өкүлүнө тиешелүү эскертүүлөр берилген.

Ошентип, 2022-жылдын 11-майынан тартып «Шыдыр Жол KG» ЖЧКсы жогорудагы каттамдарды тейлөөнү токтотот.

Шаардыктарды коомдук унаа менен камсыз кылуу максатында аталган каттамдарды сынак өткөнгө чейин «Эко Пассажирские перевозки» ЖЧКсына убактылуу бекитүү чечими кабыл алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар