23:38
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

«Өлбөс полк» акциясы жаңы форматта өтөт. Жөө жүрүш музыка менен коштолот

«Өлбөс полк» акциясы Бишкекте жаңы форматта өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, жөө жүрүш 9-майда саат 10до башталат. Катышуучулар Дайыр Асанов атындагы эс алуу жайынан баштап жүрүшөт. Маршруттун узундугу 6,6 чакырым.

Эске салсак, «Өлбөс полк» жүрүшү Бишкекте бешинчи жолу уюштурулуп жатат. 2014-жылы миңге жакын киши катышкан. Былтыр анын саны 45 миң кишиге көбөйгөн.

Бул жылы акцияны колдоо үчүн музыканын коштоосун пайдаланышат. Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн терезелери унаа жолго карап турган болсо, мекенчилдик музыкаларды жаңыртып койсо болот.

Эң көп окулган жаңылыктар