06:43
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Москвада өтө турган «Өлбөс полк» жүрүшүнө кыргызстандыктар дагы катышат

Москвада 9-май -Жеңиш күнүнө карата өтө турган «Өлбөс полк» жүрүшүнө кыргызстандыктар дагы катышат. Бул тууралуу кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, мекендештер «Өлбөс полк Кыргызстан» деген жазуу менен чыгышат.

Бул күнү кыргызстандыктар Волоколамск шаарындагы Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин элесине арналып өткөрүлчү иш-чарага да катышышмакчы.

Эске салсак, быйыл «Өлбөс полк» жөө жүрүшү Бишкекте 9-майда саат 10до башталат. Катышуучулар Дайыр Асанов атындагы эс алуу жайынан баштап жүрүшөт. Маршруттун узундугу 6,6 чакырым. «Өлбөс полк» жүрүшү Бишкекте бешинчи жолу уюштурулуп жатат. 2014-жылы миңге жакын киши катышкан. Былтыр анын саны 45 миң кишиге көбөйгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар