11:30
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшүндө дрон колдонууга тыюу салынды

Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшүндө дрон колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызмат баардык журналисттерге тартуу иштери үчүн дрон колдонууга тыюу салынат деген билдирүүнү жиберди.

«Дрон колдонууга тыюу салынат, болбосо атып түшүрүлөт», -деп айтылат маалыматта.

ЖМК кызматкерлерине дагы колоннага президент келген маалда фото жана видеого тартууга тыюу салынат деп эскертишти. Тартуу иштерине уруксат президент жүрүштөн кеткенден кийин гана берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума