02:24
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Москвадагы кыргызстандыктар «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышты

Москвадагы кыргызстандыктар «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Москва шаары жана Москва облусу боюнча кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, кечээ күнү Уулу Жеңишке карата өткөн акцияга 500дөй мекендешибиз топтолду.

«Биз расмий түрдө «Өлбөс полк- Кыргызстан» деп катталдык. Эки жылдан бери бул акцияга катышып жатабыз»- дейт Улан Кошматов.

«Өлбөс полк» акциясы Кыргызстандын 14 шаарында өттү. Бишкекте президент Сооронбай Жээнбеков согушта дайынсыз жоголгон чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума