10:22
USD 87.45
EUR 102.22
RUB 1.14

«Манас» үчилтиги дунган тилинде жарык көрдү

Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон Манас эпосу жаңы тилде жаңырып, окурмандарга жол тартат. Улуу үчилтик — «Манас», «Семетей», «Сейтек» — дунган тилине которулуп, өзүнчө китеп болуп жарык көрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бул маанилүү маданий окуяга байланыштуу Кыргыз улуттук Манас театры салтанаттуу бет ачар аземин өткөрөт.

Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоо, ошондой эле элдер ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө. Бет ачарда китеп тууралуу кеңири маалымат берилип, коноктор үчүн маданий программа да сунушталат.

Күнү: 20-апрель

Башталышы: 11:00

Дареги: Самойленко көчөсү, 2/9

Эң көп окулган жаңылыктар