02:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда китептердин 62 пайызы кыргыз тилинде басылып чыгарылат

2020-жылы жалпы тиражы 900 миң нуска менен 950 аталыштагы китеп басылып чыккан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Алардын маалыматында, чыгарылган китептердин 62 пайызы кыргыз тилинде жарык көрөт.

2020-жылы 26 журнал, анын ичинен үчөөсү кыргыз тилинде, жылдык тиражы 67,6 миң нуска менен басылган.

Статком Кыргызстанда китеп басып чыгаруунун калыптанышы жана өнүгүүсү ХХ кылымдын 20-жылдарынын ортосунда башталганын белгилейт.

Көркөм тексттерди, китептерди кыргыз тилинде басып чыгаруу улуттук китеп басмасы түзүлгөнгө чейин эле жүзөгө ашырылган, бирок алар Кыргызстандан тышкары жактарда басып чыгарылып келген.

1925-жылы Пишпек шаарынын басмаканасында 8 аталыштагы китеп басылып чыккан. Ошол эле жылы 30 аталыштагы китеп жалпы тиражы 100 миң нускада Москва, Ташкент жана Пишпек шаарларында жарык көрөт.

1926-жылы Кыргыз мамлекеттик басма иштер башкармалыгынын биринчи жыйынында «Кыргызмамбас» («Киргосиздат») басмаканасы негизделген. Биринчи жылдын ичинде анда 26 аталыштагы китеп жалпы тиражы 66 миңге жакын нускада басылып чыккан.

Улуттук статистикалык комитет.

30-жылдары Ата Мекендик китеп басып чыгаруу өз өнүгүүсү кыйла жакшырган, бул китеп басып чыгаруунун өндүрүштүк-техникалык базасынын өркүндөп өсүшү менен шартталган.

60-80-жылдары китеп басып чыгаруу ишмердиги негизинен «Кыргызстан», «Мектеп», «Илим», «Адабият» басмаканалары тарабынан жүргүзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар