12:18
USD 87.45
EUR 100.75
RUB 1.07

Аида Чодулова Кыргыз фондулук биржасынын башкы директору болуп дайындалды

Аида Чодулова башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу биржанын басма сөз кызматы билдирди.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Аида Чодулова Кыргыз фондулук биржасынын башкы директору болуп дайындалды

Ал мурда Кыргыз фондулук биржасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Аида Чодулова фондулук рынокто 20 жылдан ашык тажрыйбага ээ.

Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин колдонмо математика адистиги боюнча аяктаган. Ошондой эле, Кыргыз-Орус Славян университетинин Уюмду башкаруу адистиги боюнча даражасына ээ. Ал Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан баалуу кагаздар менен соода жүргүзүүнү жана депозитардык ишмердүүлүктү уюштуруу боюнча баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу катары квалификацияга ээ болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар