Чүй облусундагы Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына куйган сууларга 5 миң чабак кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара мамлекеттик саясаттын алкагында суу биоресурстарын сактоо жана көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Балыктандыруу — табигый суу объектилериндеги балык ресурстарын калыбына келтирүүнүн жана көбөйтүүнүн натыйжалуу ыкмаларынын бири.
Мындан тышкары, мындай иш-чаралар экологиялык абалды жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана суу экосистемаларынын туруктуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле аймактагы балык чарбасын өнүктүрүүгө, жергиликтүү калктын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө оң таасирин тийгизет.
Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан келечекте да ушундай балыктандыруу иш-чараларын системалуу түрдө өткөрүү пландалууда.

