Кыргызстандагы ак илбирстин саны 550дөн ашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди.
Анын айтымында, ак илбирс расмий түрдө Кыргызстандын улуттук символу катары таанылып, анын логотиби жана колдонуу эрежелери бекитилген.
Ал кошумчалагандай, өлкөдө 2030-жылга чейин ак илбирсти сактоо боюнча Улуттук иш-аракеттер планы кабыл алынып, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын абалын жакшыртуу максатында жалпы аянты 792 миң гектарды түзгөн «Ак илбирс коридору» түзүлгөн.
Бул багыттагы иштер ак илбирстин популяциясын сактап калууга жана алардын коопсуз байырлоосуна шарт түзүүгө багытталган.

