09:17
USD 87.45
EUR 101.65
RUB 1.13

Кыргызстан Орусияга жаңы унааларды экспорттоо боюнча алдыңкы орунда турат

2026-жылдын февраль айына карата Кыргызстан Орусияга жаңы унааларды экспорттоо боюнча алдыңкы орунда турат. Бул тууралуу «Автостат» аналитикалык агенттигинин жетекчиси Сергей Целиков билдирди.

Маалыматка ылайык, февраль айында жеңил унаалардын импорту 35 пайызга өскөн.

Өткөн айда Орусияга 46 миң 800 жеңил унаа импорттолгон. Бул былтыркы жылдын февраль айына (35 миң) салыштырмалуу 35 пайызга көптүк кылат.

 Жаңы жеңил унаалардын (үч жылга чейинки) импорту 29 пайызга өсүп, 20 миң 900 жетти. Колдонулган унаалардын (үч жылдан ашык) импорту 40 пайызга өсүп, 25 миң 900 жетти.

«Кытай (67,2 пайыз) жана Кыргызстан (20,5 пайыз) жаңы унааларды экспорттоо боюнча алдыңкы орунда турат», — деп белгиледи Сергей Целиков.

«Автостат» мурда 2025-жылдын аягына карата Кыргызстандан Орусияга жаңы жеңил унааларды импорттоо Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турганын, 53 600 бирдикке жеткенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар