Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан эл аралык рейтингдик «MUHAMET MALO 2026» турнири уланууда. Бүгүн, 27-февралда Кыргызстандан беш спортчу күч сынашат.
Кыз-келиндер күрөшү:
- Гүльнур Таштанбекова (65 кг чейин)
- Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин)
Грек-рим күрөшү:
- Илгиз Каныбеков (77 кг чейин)
- Асан Жанышов (87 кг чейин)
- Азат Салидинов (87 кг чейин)
Бул күнү кыз-келиндер 59, 62, 65 жана 68 кг салмактарда медалдарды талашат. Ал эми грек-рим күрөшүндө 77 жана 87 кг категорияларында беттештер өтөт.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.

