Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар үч жаңы министрлик жетекчисин дайындоону жактырышты. Талапкерлер бир добуштан жана талкуусуз колдоду.
Эл өкүлдөрүнүн чечими менен төмөнкүлөр бекитилди:
- Урматбек Шамырканов — өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;
- Акыл Токтобаев — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына;
- Талантбек Солтобаев — транспорт жана коммуникациялар министри кызматына.
Буга чейин алардын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети карап, жактырган болчу.

