Бишкек шаардык мэриясы мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курулушу пландаштырылган заманбап маданий борбордун алдын ала эскиздик долбоорун даярдады.
Долбоор шаардык муниципалитеттин демилгеси менен ишке ашырылууда. Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы учурда айланасын тосмо менен тосуп, бузуу иштерин баштады.
Келечектеги маданий борбордун алдын ала долбоору иштелип чыкты. Мэрия жаңы имарат маданий иш-чараларды өткөрүү жана борбор калаанын чыгармачыл чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн заманбап мейкиндикке айланууга багытталганын белгилейт.
Курулуштун башталуу күнү жана долбоордун болжолдуу баасы азырынча аныктала элек.

