Кытайлык изилдөөчүлөр барбарис жүрөк-кан тамыр системасынын картаюусунун алдын ала аларын аныкташты. Бул тууралуу NEWS.ru сайты жазып чыкты.
Барбаристин негизги компоненти (берберин алкалоиди) кан тамыр клеткаларынын бузулушун шарттаган EIF2AK2 (PKR) белогунун активдүүлүгүн бөгөттөйт. Бул ачылыш биринчи жолу барбарис эндотелийди кантип коргоп, кан айлануу системасынын ден соолугун сактай турганын түшүндүрөт.
Барбарис кылымдар бою элдик медицинада сарык оорусун дарылоо, кан басымын төмөндөтүү жана жүрөктү чыңдоо үчүн колдонулуп келген. Заманбап илим анын антиоксиданттык, сезгенүүгө каршы жана кардиопротектордук касиеттерин тастыктайт.
Барбаристи рационуңузга кошуунун эң оңой жолу — андан витаминдүү чай жасоо. Аны палоо жана соустарга да кошсоңуз болот, бирок быша элек барбаристен алыс болуңуз, анткени ал уулуу болот.

