15:19
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Жаңы жыл түнү Кыргызстанда 650 ымыркай көз жарды

Акыркы суткада Кыргызстанда 365 бала төрөлдү, анын ичинен төрт эгиз бала көз жарганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында эки, Бишкек шаардык перинаталдык борбордо бир, Ош шаардык төрөт үйүндө бир эгиз наристе төрөлдү.

Ал эми 31-декабрда таңкы саат 8:00дөн 1-январга караган түнү саат 8:00гө чейин өлкө боюнча 177 эркек бала, 190 кыз төрөлүп, 9 жолу кесарево операциясы жасалган.

1-январга караган түнү саат 12:00дөн 12:10го чейин жалпысынан 11 ымыркай (беш кыз, алты эркек) жарык дүйнөгө келди. Ысык-Көлдө 2026-жылы биринчи ымыркай 3,915 килограмм салмакта (саат 12:00) кыз бала төрөлгөн.

Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда (81), Ош жана Ош облусунда (68) жана Бишкек шаарында (69) катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар