19:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Таштанды челектен табылган ымыркай. Апасы андан баш тартпай турганын билдирди

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева таштанды челектен табылган наристенин ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери ымыркайдын апасы менен жолугушту. Ал өзүнүн версиясын айтып берди. Келиндин айтымында, баланы эч кимдин көмөгү жок эле үйдөн төрөгөн. Кош бойлуу экенин ата-энесинен жашырып жүргөн. Катуу коркуп жана стресс абалында баланы таштанды челекке таштап салган.

Ал баланын атасы ким экени тууралуу маалымат берүүнү каалаган жок. Бирок анын ким экенин биле турганын айтты.

«Мен жөн гана коркуп кеттим. Өз баламдан баш тартпайм. Мен аны эч кимге бербейм. Мени ата-энем кечирди жана алар баламды багып алабыз деп жатышат», — деди ал.

Эске салсак, 8-ноябрь күнү саат 23:30да «102» кызматына Толстой менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челектен желим баштыкка оролгон ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталаган факты боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси (энеси тарабынан жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүү аракети) менен кылмыш иши козголгон. Милиция баланын энесин таап, 2024-жылдын 11-январына чейин тергөө абагына киргизген. Андан кийин ал сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Ымыркайды Таласта жашаган таенеси алып кетүүгө даяр экенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар