13:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Укук коргоочулар «Арча-Бешик» конушунда табылган баланын апасы менен жолугушту

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева «Арча-Бешик» конушундагы үйлөрдүн биринин алдында табылган ымыркайдын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, укук коргооочулар бала жаткырылган төрөт үйүнө барышты.

Башкы дарыгердин айтымында, ымыркай аябай үшүп калган абалда алынып келинген. Ага бронхопневмония деген диагноз коюлуп, реанимация бөлүмүндө жатат. Дарылоо программасына антибиотиктер кошулду.

Мындан тышкары, акыйкатчы институтунун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайына барып, баланын энеси менен сүйлөшүштү. Анын айтымында, үй шартында төрөгөн, ата-энеси анын кош бойлуу экенин билишкен эмес.

«Баланын атасы ким экенин билет, ал адам учурда абакта жатат», — беп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды баланын укугун коргоого чакырды.

Эске салсак, 19-ноябрда саат 22:45 чамасында «102» кызматына Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдында желим баштыкка оролуп, кагаз кутуга салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ымыркайдын апасы 2003-жылы төрөлгөн жаран экени аныкталып, ал райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Учурда ал үй камагында.

Эң көп окулган жаңылыктар