12:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жалал-Абадда таштанды челектердин жанынан жаңы төрөлгөн кыз табылды

18-ноябрда болжол менен саат 8:40та Жалал-Абаддын «Спутник» кичи районунда таштанды челектердин жанынан жаңы төрөлгөн кыз табылды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Факт маалыматты эсепке алуу журналына катталып, тергөө иштери башталды. Окуя болгон жерге тергөө тобу барган. Баланын энеси Акман айылынын 18 жаштагы тургуну экени белгилүү болду, ал ымыркайды ижарага алган батирде төрөгөн.

Тергөө тобу наристени төрөт үйүнө алып барышкан, денесинин температурасы 35 градус, абалы оор. Ымыркайдын бою 44 сантиметр, салмагы 2 килограмм 300 грамм.

Эске салсак, 19-ноябрда саат 22:45 чамасында «102» кызматына Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдында желим баштыкка оролуп, кагаз кутуга салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөө чейинки текшерүү иштерди башталды. Учурда ымыркай ооруканада.

Ошондой эле 8-ноябрь күнү саат 23:30да «102» кызматына Толстой менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челектен желим баштыкка оролгон ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция баланын энесин таап, 2024-жылдын 11-январына чейин тергөө абагына киргизген. Андан кийин ал сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар