14:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эгиз кыздарын сабаган келин энелик укуктарынан ажыратылышы мүмкүн

Прокуратура эгиз кыздарын сабаган келинди энелик укуктарынан ажыратуу боюнча сотко доо арыз берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Д.С. аттуу жаран кармалган.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, кыздардын апасына Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо), ал эми кайненесине (экинчи жолдошунун апасы) 41 (кылмышка кошо катышуу) жана 138-беренелердин негизинде айыптары угузулуп, кароо үчүн сотко жиберилди.

«Прокуратура органы жашы жете элек эгиз кыздардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында жогоруда аталган жаранды энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө райондук сотко доо арыз келтирип, бүгүнкү күндө кароо алдында турат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда апасы эки жашар эгиз кыздарын сабап жаткан видео тараган. Кыздар атасына өткөрүлүп берилген. Келин кайненеси, жарандык күйөөсүнүн бир туугандары аны кордогондуктан ачуусун балдарынан чыгарганын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар