22:17
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Төрт айлык наристенин өлүмү. Бишкекте ымыркайды саткан акушер кармалды

Мурда Бишкектин клиникаларынын биринде акушер-гинеколог болуп иштеген жаран кармалды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 61 жаштагы А.Б. бала сатууга шектелип жатат.

Эске салсак, Бишкекте Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунда төрт айлык ымыркай чарчап калган. Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана Бишкектин Балдарды реабилитациялоо жана колдоо борборунун жооптуу кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш иши козголгон.

Өз кезегинде Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунун директору 24.kg басылмасына ымыркай төрт ай бою дарыгерлердин көзөмөлүсүз С.Н. аттуу жаранда болгонун жана эч кандай эмдөө албаганын айтты. Мындан тышкары, С.Н. баланы 3 миң 400 долларга сатып алганы белгилүү болгон.

«Шектүү жана бир нече адам бала сатууну уюштурганы аныкталды. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Бала сатуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду», — деп билдиришти милициядан.

Октябрь райондук соту акушер-гинекологду убактылуу кармоо жайына камакка алды. Тергөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар