11:34
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте таштап кетишкен дагы бир ымыркай табылды

Бишкекте таштап кетишкен дагы бир жаңы төрөлгөн ымыркай табылды . Бул тууралуу Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда саат 22:45 чамасында «102» кызматына Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдында желим баштыкка оролуп, кагаз кутуга салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды. Бала учурда ооруканада.

Баланын энесин табуу боюнча бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.  Эске салсак, 8-ноябрь күнү саат 23:30да «102» кызматына Толстой менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челектен желим баштыкка оролгон ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция баланын энесин таап, 2024-жылдын 11-январына чейин тергөө абагына киргизген. Андан кийин ал сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган.

Бул окуядан кийин социалдык тармактардын колдонуучулары баласынан баш тарткандар үчүн наристе кутуларын түзүү зарылдыгы жөнүндө жаза башташты. Бирок саламаттыкты сактоо министрлиги бул абдан кымбат экенин билдирди.

Ушул эле маселени бир жыл мурда парламент депутаты Эльвира Сурабалдиева көтөргөн. Ошондо "Дордой-2" жаңы конушунан көпүрөнүн астынан жаңы төрөлгөн эки баланын сөөгү табылган.

Эң көп окулган жаңылыктар