15:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Арча-Бешик» конушунда табылган ымыркайдын апасы үй камгына чыгарылды

Бишкектин Ленин райондук соту "Арча-Бешик" конушунда табылган ымыркайдын апасынын бөгөт чарасын аныктады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал үй камагына чыгарылды.

Эске салсак, 19-ноябрда саат 22:45 чамасында «102» кызматына Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдында желим баштыкка оролуп, кагаз кутуга салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.  Ымыркайдын апасы 2003-жылы төрөлгөн жаран экени аныкталып, ал райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. 

Эң көп окулган жаңылыктар