Ысык-Көлдү тор жана таштандылардан тазалоо иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал жарыялаган сүрөттөрдөн суучулдар тарабынан ондогон метрди түзгөн торлор суудан дагы деле чыгарылып жатканын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, көлдү тазалоо аракеттеринин негизги максаты экосистеманы коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу болуп саналат.

