Эртең, 18-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн −2...+3, күндуз −1...+4;
Таласта түнкүсүн −3...+2, күндүз −1...+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...+5, күндуз +4...+9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −4...+1, күндүз +2...+7;
Нарында түнкүсүн −5...-10, күндүз −3...+2.
Бишкек шаарында түнкүсүн 0...-2°, күндүз +1...+3° жылуу болот.

