Соңку жуманын ичинде өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 42 561 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оорунун көрсөткүчү мурунку жумага салыштырмалуу 15,3 пайызга өскөн.
Бардык учурлардын 72,1 пайызы 14 жашка чейинки балдар (15 029 учур).
Республикада оорунун жогорку көрсөткүчүнө байланыштуу бала бакчалар карантинге жабылып, мектептер онлайн окутууга өтүп жатат.

