Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору («Унаа» мамлекеттик мекемеси) Рустам Жокоев үй камагына чыгарылды. Маалыматты 24.kg басылмасына Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.
Маалым болгондой, бул баш коргоо чарасы 9-июлга чейин колдонулуп, иш материалдары Октябрь райондук сотунда каралууда.
Эске салсак, УКМК 2024-жылдын 23-сентябрында Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Рустам Жокоевди жана мекеменин бир нече кызматкерин кармаган. Аларга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.