18:55
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Кыргызстанда 96 миңден ашык бала мектепке катталды

Кыргызстанда мектептерде 96 миңден бир аз ашык бала катталган. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда айтылат.

Системага ылайык, 1300дөн ашык бенефициарлар катталган. Бош калган 189 миң орун бар.

Бишкек шаарында 6,6 миңге жакын бала 1-класска, 8 миңге жакын бала 2-класска барат.

Белгилей кетсек, электрондук каттоонун биринчи этабы туруктуу каттоо дареги боюнча — 1-июнга чейин жүргүзүлөт.

12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу азыр биринчи жана экинчи класстар үчүн да каттоо ачык. Система 2018-жылы төрөлгөн балдарды 2-класска, 2019-жылы төрөлгөн балдарды биринчи класска автоматтык түрдө берет.

2019-жылы төрөлгөн балдар 480 сааттык «Наристе» мектепке даярдоо программасын бүтүргөн болсо, алар да экинчи класска бара алышат. Ал үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары balalyk.edu.gov.kg электрондук базасына маалыматтарды киргизиши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар