Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-сентябрдагы жалпы жыйынында «Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаардын катарына кошуу жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев белгилегендей, мыйзам кабыл алынса, мамлекеттик органдарды кайра каттоодон өткөрүүгө болжол менен 3 миллион сом керектелет.
Аталган айыл Алай районунун административдик борбору болуп, бардык мекеме-уюмдар жайгашканы мурда маалымдалган. Ал Ош шаарынан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан. Калкы — 22566 киши.
Депутаттар мыйзам долбоорун үч окууда талкуусуз колдошту.
Эске салсак, 12-сентябрда Ош облусунда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чарада президент Садыр Жапаров Гүлчө айылына шаар статусун берүүнү жана инфраструктураны өнүктүрүүгө 500 миллион сом бөлүүнү буйруган. 16-сентябрда тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген.

