Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россия Федерациясынын Чет мамлекеттер менен аймактар аралык жана маданий байланыштар департаментинин башчысы Игорь Маслов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандарынын Орусияда жүрүүсүнө байланышкан маселелер, анын ичинде Москвадагы мончодо кыргызстандыктар менен болгон окуянын айланасында коомчулукта кеңири резонанс жараткан жагдай талкууланган.
Орус тарап Россиянын аймагында мыйзамсыз жашаган чет элдиктердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берген Россия президентинин жарлыгынын мөөнөтүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узарткандыгын жарыялады.