Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш сейил багындагы жер тилкелерин ижарага берүү боюнча аукцион жарыяланды.
Белгилей кетсек, Көк-Артта жайгашкан айдоо жана жайыт жер тилкелери аукционго коюлган. Жер убактылуу ижарага берилет.
Аукционго жалпы аянты 6 гектардан ашык алты участок коюлду:
16-квартал — 0,5 га;
17-квартал — 1,5 га;
12-квартал — 0,8 га;
13-квартал — 1 га;
14-квартал — 1,5 га;
21-квартал — 0,8 га.
Арыздар 2025-жылдын 14-майына чейин Казарман айылы, Жээналиева көчөсү, 113 дареги боюнча кабыл алынат.
Буга чейин Саймалуу-Таш улуттук жаратылыш паркынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 2 миллион сом бөлүнгөнү маалымдалган.