05:50
USD 86.87
EUR 100.41
RUB 1.08

Жаңы гимн: Ылайыктуу варианттын жоктугунан улам жаңы сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясынын долбоорун тандоо боюнча комиссия кайталап сынак өткөрүү сунушун киргизүүнү чечти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9—10-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын экинчи отуруму өтүп, анда комиссия мүчөлөрү сунушталган долбоорлорду угуп чыгып, алардын мазмундук, музыкалык жана поэтикалык жактарын ар тараптан талдоого алышты.

Комиссия сунушталган долбоорлордун ар түрдүүлүгүнө жана жарандардын активдүү катышуусуна карабастан, мамлекеттик символ катары гимнге коюлган мазмундук жана көркөм талаптарга толук жооп берген чыгарма табылган жок деген бүтүмгө келди.

Мындан улам, сынакты кайрадан жарыялоо жана Жобого бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун киргизүү чечими кабыл алынды.

Комиссиянын сунушу боюнча:

Биринчи этапта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнине жаңы редакциядагы текст тандалып алынат.

Экинчи этапта бекитилген текстке музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча сынак жарыяланат.

Белгилей кетсек, буга чейинки сынакка катышкан авторлор жаңы долбоор менен бул жолку сынакка дагы катыша алышат.

"Комиссия гимндин долбоору өзгөчө кылдат мамилени жана ар тараптуу кароону талап кылган улуттук биримдиктин символу экенин белгилеп, кийинки сынакта кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, маданий мурасын жана өнүгүүгө болгон умтулуусун жана улуттук биримдикти чагылдырган долбоорлорду камтышы керектигин билдирди",-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2025-жылдын 7-февралынан 20-мартына чейинки аралыкта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине ар кандай булактар аркылуу 488 жарандан жалпысынан 703 сунуш келип түшкөн. Жобонун 3-главасынын 11, 12 жана 13-пункттарына ылайык, министрликтин алдында түзүлгөн техникалык топ тарабынан бардык документтер жана материалдар талаптарга ылайыктуулугу текшерүүдөн өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG