Синоптиктердин билдиргенине караганда, 11-апрелде түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында, Нарын облусунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 23...28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19;
Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11°, күндүз 26...28° жылуу болот.