Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкек мэриясы ишембилик өткөрбөсө, «Турак жай ээлеринин шериктерине» айып пул салаарын билдирди. Таштанды таштаган жарандардын айынан юридикалык жактарга айып пул салууну токтотууну суранды.
«Турак жай ээлеринин шериктерине» дагы кызыл китептери бар экенине карабай, мэрия тынымсыз алардын тосмолорун жана башка нерселерди бузуп жатат деп нааразы болду. «Келгиле, мамилебизди өзгөртөлү, биз социализмдин тушунда эмес, капитализмдин тушунда жашап жатабыз», — деди депутат.
Депутаттын айтымында, Бишкек мэриясы да"Турак жай ээлеринин шериктерине" жарнамадан акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.
«Мурда баннерлер үчүн орун беришсе болмок, мисалы. Учурда LED экрандарды ишканалар гана орното алат. «Турак жай ээлеринин шериктерине» эмнеге болбосун? Чатырга 5 миллион сом керек болсо, бербейсиңер. Аларды айыпка жыгасың, ошондуктан өнүкпөй жатышат. Анда мэрия чатырлары менен алектенсин», — дейт эл өкүлү.