02:27
USD 86.88
EUR 99.90
RUB 1.09

Кыргызстан Орусиядагы эмгек мигранттарынын саны боюнча экинчи өлкө болду

Кыргызстан Орусиядагы эмгек мигранттарынын саны боюнча экинчи өлкө болду. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин башчысынын биринчи орун басары Александр Горовой IX Санкт-Петербург эл аралык эмгек форумунун пленардык жыйынында билдирди.

«Эмгек менен алектенген жарандардын саны боюнча Кыргызстан жаңы Россиянын тарыхында биринчи жолу алдыга чыкты», — деди ал.

Александр Горовойдун айтымында, өткөн жылдын аягында Орусия Федерациясында 6,3 миллионго жакын чет элдиктер бар болсо, алардын көбү өлкөдө мыйзамдуу түрдө жүрүшкөн. Анын ичинен 1,4 миллиондон ашыгы Өзбекстандын жарандары.

Эң көп окулган жаңылыктар