04:34
USD 86.40
EUR 93.13
RUB 1.03

Бишкектеги бардык лицейлер менен гимназиялар өзгөчө макамынан ажыратылды

Бишкектеги бардык лицей жана гимназиялар өзгөчө макамынан ажыратылды. Бул маалыматты 24.kg агенттигине борбор калаанын билим берүү башкармалыгынан тастыкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, бул мекемелер мындан ары орто жалпы билим берүүчү уюмдар катары ишин улантат.

Маалым болгондой, билим берүү башкармалыгы билим берүү уюмдарын уюштуруучу катары аларды кайра каттоодон өткөрүү боюнча буйрук чыгарган.

Буга чейин № 29, 20, 26, 63, 64, 91, 68, 72, 74, 23, 62, 9, 39, 31, 95-мектептер кайра каттоодон өткөн. Калган лицей, гимназиялар дагы ушул процедурадан өтүп жатышат.

Кайра каттоо министрлер кабинетинин токтомунун алкагында жүрүп жатат

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG