03:37
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

Эс алуу бөлмөлөрү, душ, намазкана. «Кызмат» мекемесинин жаңы имараты ачылды

Президенттик аппараттын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси жаңы административдик имаратка ээ болду. Бүгүн, 24-мартта өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылышка Садыр Жапаров катышты.

«Учкун» имаратында жайгашкан жаңы офисте ыңгайлуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн: 175 адис үчүн ачык жумушчу зонасы, конференц-зал, эс алуу бөлмөлөрү, ашкана, душ, намазкана жана стол тенниси үчүн залы бар.

Мамлекет башчысына учурда «Кызмат» мекемеси тарабынан жарандар үчүн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган чаралардын комплекси көрүлүп жаткандыгы маалымдалды.

«Түндүк» тиркемесинде ID-картага онлайн арыз берүү, жашаган жери боюнча каттоо, ошондой эле мүлктү камсыздандыруу боюнча кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылды.

Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымдагандай, жаңы онлайн-сервистерди киргизүү, киберкоопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесстерин оптималдаштыруу жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн кыйла ыңгайлуу, ачык-айкын жана оперативдүү кылууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жүргүзүлүп жаткан реформалар жана мамлекеттик процесстерди санариптештирүү боюнча келечектеги пландар менен таанышты.

Президент Садыр Жапаров онлайн-кызматтардын спектрин кеңейтүү жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча чараларды күчөтүү боюнча ишти улантууну тапшырды, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана жарандардын суроо-талаптарына ыкчам жооп кайтаруу зарылдыгын баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG