06:46
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

Садыр Жапаров 2005-жылы Курманбек Бакиевдин штабында иштеген эмес

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине журналист Лейла Саралаеванын иликтөөсү боюнча комментарий берди.

Журналист YouTube сайтындагы соңку постунда ал Курманбек Бакиевдин беш жылдык бийлигине басым жасап, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди Кыргызстандын мурдагы президенти менен байланыштырууга аракет кылып, 2005-жылы Садыр Жапаров анын кадрында иштеген деп билдирген.

«Мен ал журналистти тааныбайт экем. Ушунча жыл саясатта жүрүп, көңүл деле бурбаптырмын. Маек деле берген эмес экем. Бирок ошентсе да сурооңузга жооп берип коеюн. Мени 2005-жылы Бакиевдин штабында иштеген дегени карандай калп. Мен Куловдун штабында иштегем. Ушуну так билбегенден кийин сиздин бул журналист кесиптешиңиз «самопал» же бир жолу колдонулуп ыргытылган кол жоолук сыяктуу журналист экен.

Куловдун штабында иштегенимди Атамбаев жакшы билет. Себеби Атамбаев Куловдун штаб башчысы болгон. Кулов менен Бакиев тил табышып, тандем болгондон кийин штаб жабылып, баарыбыз тарап кеткенбиз», — деп жооп берген президент.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG