16:43
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Айыл чарба каттоосуна 277 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Кыргызстан ушул жылдын ноябрь айына белгиленген айыл чарба каттоого даярдык көрө баштады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин айыл чарба каттоосун сапаттуу өткөрүүгө даярдоо максатында аймактарда убактылуу каттоо кызматкерлери үчүн окуу семинарлары өтүп жатат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, министрлер кабинети тарабынан каттоого 277 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн, анын 87,8 пайызы каттоонун кызматкерлеринин эмгек акысына жана Социалдык фондго чегерүүлөргө жумшалат. Айыл чарба каттоосун 6791 кызматкер жүргүзөт.

Ведомстводон белгилегендей, айыл чарба каттоосу он жылда бир жолу өткөрүлөт. Ага төмөнкүлөр кирет:

айыл чарба жана колхоздору;

окуу жайларынын, өнөр жай, транспорт, курулуш жана башка ишканалар менен уюмдардын көмөкчү чарбалары;

дыйкан (фермер) чарбалары;

жеке ишкерлердин чарбалары;

калктын жеке көмөкчү чарбалары (анын ичинде колхоздук бакчалар жана жашылча участоктору).

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG