18:27
USD 86.69
EUR 94.00
RUB 1.03

Жогорку Кеңеш Нурдан Орунтаевди курулуш министри кызматына бекитти

Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-февралда Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кылып дайындоого макулдук берди.

Нурдан Орунтаев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Мамкурулушту трансформациялоо үчүн республикалык бюджеттен кошумча акча талап кылынбасын, анткени кызматкерлердин, анын ичинде депутаттардын саны көбөйбөй турганын билдирди.

Эске салсак, Садыр Жапаров өз жарлыгы менен министрлер кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизген. Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түзүлдү. Мамкурулушту жетектеген Нурдан Орунтаев президенттин жарлыгы менен жаңы мекеменин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG