02:53
USD 87.45
EUR 95.09
RUB 1.01

2024-жылы Бишкектин кирешеси дээрлик 37 миллиард сомду түздү

2024-жылы Бишкектин кирешеси дээрлик 37 миллиард сомду түздү. Мындай маалыматтар бүгүн, 27-январда шаардык мэриянын жыйынында айтылды.

Вице-мэр Мирланбек Байгөнчөковдун айтымында, борбор калаанын кирешеси 36,8 миллиард сомду түздү. Кирешелердин көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 14,9 млрд сомго көбөйүп, өсүү темпи 168,4 пайызды түзгөн.

Аткаминер кошумчалагандай, салыктык түшүүлөр 16,6 миллиард сом болгон. 2023-жылга салыштырмалуу бул 3,5 миллиардга көп.

Салыктык эмес кирешелер 8,2 млрд сомду түздү.

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясына министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев төрагалык кылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG