03:38
USD 8.75
EUR 90.70
RUB 0.92

Камчы Көлбаевдин жээни БМВ менен кайгуул кызматынын унаасын сүздү

Бишкекте жасалма мамлекеттик номур тагылган караңгылатылган БМВ үлгүсүндөгү унаа менен кайгуул кызматынын унаасы кагышкан. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы бүгүн, 17-январда саат 05:00 чамасында Киев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде болгон. Жалган мамлекеттик номурлары бар караңгылатылган БМВ үлгүсүндөгү унаа проспекти менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, Киев көчөсүндө кайгуул унааны сүзүп, экинчиси оодарылып кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочу 23 жаштагы жигит болгон, ал кырсыктан кийин өзүн агрессивдүү алып барып, орой сөздөрдү айткан. Аны милиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Дарыгерлер анын кагылышуу учурунда баңгизаттын таасири астында болгонун аныкташкан. Укук коргоо органдарындагы булак айдоочу уюшкан кылмыштуу тобунун каза болгон лидери Камчы Көлбаевдин жээни Даниел Асанбеков экенин билдирди.

Кырсыктын кесепетинен эки кайгуул кызматкери жабыркаган. Алардын баш мээси чайкалып, денеси көгөргөн, бирок ооруканага жаткыруудан баш тартышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар