Кыргызстандын ак ниет ишкерлеринин реестрине сегиз компания кирди. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, бул тизмеге кирүү үчүн ишкерлердин арыздары тандалып алынган. Ишкердик субъекттерин тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкү уюмдарды аныктады:
«Алайку Органикс» ЖЧКсы;
«Альянс Алтын» ЖЧКсы;
Cool Bros LLC;
«Айко-Сейко» ЖЧКсы;
«Аджи Сервис» ЖЧКсы;
«Coca-Cola Bishkek Bottlers» ЖАК;
«Бай Дыйкан» ЖЧКсы;
ЖАК «Демир Кыргыз Интернешнл Банк».
Эскерте кетсек, реестрге кирген ишкер:
жалпыга маалымдоо каражаттарынын жарнактары үчүн мамлекеттик телеканалдарда бекер эфирдик убакыт алат;
салык жана бажы кызматтарын кезексиз алат;
Кыргыз Республикасынан эл аралык көргөзмөлөргө, жарманкелерге, форумдарга акысыз катышат;
ак ниет ишкерлердин реестрине киргизилген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан үч жылга текшерүүлөрдөн бошотулат;
мамлекеттик кредиттик программаларды ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоону алат.